3-августта Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;
Таласта түнкүсүн 16…21, күндүз 33…38;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;
Нарында түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 14…19 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 36…38°.
Чолпон-Атада жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 26…28°.