Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Бишкекте ала качууну токтотуу маселеси талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте укук коргоочулар, тарыхчылар жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү кыз ала качуу көрүнүшүн болтурбоо маселесин талкуулоого чогулушат.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттык” радиосуна белгилешинче, өкмөт өкүлдөрүнө сунуштар берилет.

"Бурулайдын тагдырындай кайгылуу окуялар болбошу керек. Биз ала качуу кыргыздын салтына туура келбегенин айтышыбыз абзел", - деди Акун.

Быйыл майда Кыргызстанда ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлгөнүнүн бир жылдыгына карата "Human Rights Watch" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму баяндама жарыялаган.

Уюмдун билдирүүсүндө кыргыз бийлигинин дарегине «аялдар менен кыздардын укугун коргой албай жатат» деген сындар айтылган. Анда өлкөдө кыз-келиндердин укуктары коргоого, зордук-зомбулуктун, ала качуунун алдын алууга багытталган мыйзамдар кабыл алынганы менен алар толук жүзөгө ашпай жатканы белгиленген.

Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы туура бир жыл мурда, 27-майда Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Былтыр декабрда Свердлов райондук соту бул окуя үчүн Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, аны 20 жылга күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө кескен. Анын досу Акмат Сейитов «Ала качуу» беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG