31-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;
Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 14…19, күндүз 23…28;
Нарында түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 34…36° болот.
Чолпон-Атада өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 15…17°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26°.