Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Сузакта бычакталган келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда төрт балалуу келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө. Окуя Сузактын Лавдан-Кара айылында 25-июлда болгонун "Азаттык" радиосуна облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Баштапкы маалыматка караганда, 30 жаштагы келинди күйөөсү кызганычтан улам токмоктоп, бычактаган.

31 жаштагы шектүүгө карата иш козголуп, эки айга камакка алынды.

ИИМдин маалыматына караганда, үй-бүлөлүк зомбулук жыл өткөн сайын көбөйүп баратат. 2017-жылы кылмыштын бул түрү үчүн айыпталган 7 миң адамга иш козголгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG