Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:36

Манас Ниязов АКШнын көкбөрү командасын машыктырууга макулдугун берди


Манас Ниязов.
Манас Ниязов.

Кыргызстандык белгилүү улакчы Манас Ниязовго АКШнын көкбөрү курама командасын машыктыруу үчүн сунуш түштү. Бул тууралуу спортчу “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

Ал 25-июлда АКШнын элчилигине барып келгенин, америкалык көкбөрүчүлөрдү машыктырууга макул болгонун, өзүнүн талаптарын койгонун айтты:

«Мен менен кошо Көкбөрү федерациясынын өкүлдөрү дагы элчиликке барды. Биздин талаптарыбыз бар. Алсак, мен Кыргызстандагы ири турнирлерде өлкөгө келип, “Достук” командасынын катарында ойноп турууну токтотпойм. Ошондой эле ал жерде оюндар бир гана тайказан шартында болушу керек. Тажрыйба алмашуу үчүн АКШнын командасы Кыргызстанга келип, биздин улакчылар ал жакка барып оюн көрсөтүп турушу кажет».

Манас Ниязов АКШ тарап менен сүйлөшүүлөр дагы уланарын айтты.Ал АКШнын көкбөрү командасы менен бир жылдан бери сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады. (SDz)

XS
SM
MD
LG