Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:56

22 өлкө Кытайдын мусулмандарына карата саясатын сындады


Шиңжандагы туугандарын жоктогон казактар. 7-декабрь, 2018-жыл.
Шиңжандагы туугандарын жоктогон казактар. 7-декабрь, 2018-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмундагы 22 өлкөнүн туруктуу өкүлдөрү Кытайдын Шиңжандагы мусулмандарга карата саясатын сынга алышты.

Негизинен Европа өлкөлөрүнүн, Австралиянын, Канаданын, Жапониянын жана Жаңы Зеландиянын элчилери тийиштүү катты БУУнун адам укуктары боюнча кеңешине жолдошту.

22 өлкөнүн өкүлдөрү «Шиңжандагы уйгур жана башка азчылыктарды бутага алган кармоо, жапырт артынан түшүү жана башка чектөө тууралуу ынанымдуу билдирүүлөргө» тынчсыздануу билдиришет. Катта Кытайды бул саясаттан баш тартууга, Шиңжандагы мусулмандардын ары-бери каттоо эркиндигине шарт түзүүгө чакырык ташталган.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном аймагындагы уйгур, казак, кыргыз жана дунгандар бир нече жылдан бери бийлик кысымына кабылууда. Бириккен Улуттар Уюму 2018-жылы кайра тарбиялоо лагерлеринде миллиондун тегерегинде киши кармалып турганын билдирип келишет. Бээжин ал борборлорду терроризм, экстремизмдин алдын алуу үчүн окутуу аянтчалары катары мүнөздөп келет.

Кыргызстан менен Казакстандын бийлик өкүлдөрү боордошторго жан тартуу жөнүндө чакырыктарга ал жактагылар «Кытайдын жараны, Кытайдын ички иши» деп жооп берип келет.

XS
SM
MD
LG