Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Кыргызстандыктар Молдованын инклюзивдик билим берүү тажрыйбасы менен таанышууда


Кыргызтандык делегация Молдовадагы интернат тибиндеги балдар үйлөрүн реформалоонун жол жобосу менен таанышууда.
Кыргызтандык делегация Молдовадагы интернат тибиндеги балдар үйлөрүн реформалоонун жол жобосу менен таанышууда.

12-18-майда кыргызстандык делегация Молдовада болуп, Интернат тибиндеги балдар үйлөрүн реформалоонун жол-жобосун, социалдык коргоо, инклюзивдик билим берүүнүн шарттарын көрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Балдардын укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова маалымдады.

Иш сапарды аталган лига менен Молдованын "Ар бир бала үчүн өнөктөштүк" бирикмеси Кыргызстанда сунушталып жаткан балдарга үй- бүлөдө тарбиялануу шарттарын түзүү мыйзам долбоорунун алкагында уюштурушту. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү, илим жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү бар.

Катышуучулар балдар үйүндө тарбиялангандар жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жатак жайларында окугандарды үй-бүлөлүк шарттарда чоңойтууга багытталган тажрыйбаларды көрүп жатышат.

Турдубекованын айтымында, Молдова социалдык экономикалык жактан Кыргызстанга окшош болгондуктан бул өлкөнүн аткарган реформасын тандап алышкан. Молдованын социалдык өнүктүрүү министри Виорика Думбрэвяну 2007-жылы өлкөдө инклюзивдик жардамга муктаж 11 миң бала болсо, азыр алардын саны миңге түшкөнүн жолугушууларда маалымдаган. (Bch)

XS
SM
MD
LG