Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

Путин чиркөө маселеси боюнча сурамжылоо өткөрүүнү сунуш кылды


Екатеринбургда 15-майда кармалгандар.
Екатеринбургда 15-майда кармалгандар.

Орус президенти Владимир Путин Екатеринбургдагы талаштуу православ чиркөөсүнүн курулушу боюнча сурамжылоо өткөрүүнү сунуш кылды. Ал 16-майда Сочи шаарында сүйлөгөн сөзүндө чиркөөлөр «элди бөлбөй, биримдикке өбөлгө болушу керек экенин» айтты.

- Сурамжылоо өткөрүү деген жөнөкөй жол бар. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. Демократиянын маңызы ушунда, - деди Путин.

Екатеринбургдун вице-мэри Екатерина Куземка шаар бийлиги мындай демилгени колдой турганын «Интерфакс» маалымат агенттигине билдирди.

Жергиликтүү бийликтин Екатеринбургдагы сейил бактын аймагына жаңы чиркөө куруу жөнүндө чечими тургундардын нааразылыгын жаратып келет. Үч күндөн бери токтобой жаткан нааразылык акцияларында баш-аягы 100дөй киши кармалды. 16-майда Екатеринбургдагы райондук сот 20дан ашык демонстрантты экиден 10 күнгө чейин камакта кармоо тууралуу чечим чыгарды.

XS
SM
MD
LG