Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Тамекиге каршы мыйзамдар талдоого алынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 15-апрелде Бишкекте Кыргызстандын тамекиге каршы мыйзамдарын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү маселеси талкууланат. Жыйында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун конвенциясы жана Кыргызстандагы абал тууралуу кенен сөз болот.

Белгилүү болгондой, Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Кыргызстанда коомдук жайларда, мекемелердин ичинде жана коомдук транспортто тамеки тартууга толук тыюу салган мыйзам долбоорун сунуш кылып жатат.

Анын авторлорунун бири, депутат Айнуру Алтыбаева эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянып Кыргызстанда жыл сайын жашы 30дан өткөн алты миңдей адам тамеки чегүүдөн улам пайда болгон оорулардан көз жумарын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG