Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

Өз атасынан төрөгөн 15 жаштагы кыз баласынан баш тартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөн районунда өз атасынан боюна бүткөн 15 жаштагы кыз 5-апрель күнү Ош шаарындагы төрөт үйүндө көз жарган. Бул тууралуу «Ак жүрөк» кризистик борборунун башчысы Дарика Асылбекова «Азаттыкка» билдирди.

«Толгоо мөөнөтүнөн эртерээк келип калды. Ошондуктан операция жолу менен уул төрөдү. Баласынан баш тартты. Ымыркайды төрөт үйүнө эле калтырып кетмек болду. Туугандары да ошентип чечишти. Кыз өзү али жашы жете элек. Биз аны кайра «Ак жүрөк» кризистик борборуна алып кетебиз», - деди Дарика Асылбекова.

Ош облустук төрөт үйүнүн өкүлдөрү айтышкандай, эне-баланын абалы жакшы. Бала азырынча ымыркайлардын жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ымыркай Ош шаарындагы балдардын реабилитациялык борборуна өткөрүлүп берилет.

Кыздын апасы 2013-жылы оорудан улам көз жумган. Ал бир туугандары менен кошо атасынын колунда калган, мектепке барган эмес.

Быйыл 20-январда Өзгөн райондук милициясы атасын өз кызын зордуктаган деп шек санап, камакка алган. Милициянын маалыматы боюнча, атасы психикалык оору менен жабыркайт.

Учурда кыздын атасына козголгон кылмыш иши Өзгөн райондук сотунда каралууда.

Он төрт жаштагы кыздын өз атасынан кош бойлуу болуп калганы тууралуу маалыматты «Ак жүрөк» кризистик борбору коомчулукка алып чыккан. (MdN)

XS
SM
MD
LG