Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

Сапар Исаков «актыгымды далилдейм» деп билдирүү таратты


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Мурдагы өкмөт башчы, камактагы Сапар Исаков билдирүү таратып, ак жерден темир тор артына түшкөнүн, күнөөсүз экенин кандай болбосун далилдей турганын айтты. Анын билдирүүсүн Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) 9-апрелде таратты.

Сапар Исаков ага каршы козголгон кылмыш иши саясий мүнөздө экенин белгилеп, азыркы бийлик ага жана аны менен кошо камалып, шек саналып жаткан Жантөрө Сатыбалдиевге, Осмонбек Артыкбаевге, Салайдин Авазовго, Айбек Калиевге, Ольга Лавровага жана башкаларга негизсиз күнөө коюп жатканын белгиледи.

«Ошол учурда биз расмий каналдардан тынымсыз куюлуп жаткан ачыктан-ачык популисттик демагогияга каршы тура албаганыбызды моюнга алыш керек. Адамдар да бул калпка ишенип калышты», - дейт Исаков.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция үчүн айыпталып камалган. ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча сегиз адамга айып коюлган. Алардын арасында мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев баш болгон мурдагы жетекчилер бар.

КСДП Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон кылмыш ишин жана ал үчүн айрым жетекчилердин камакка алынышын саясий негизде деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG