Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:32

Ооганстандын Түркмөнстанга жакын аймагында салгылаш жүрүп жатат


Ооганстандын картасы. Бадгис провинциясы бөлүп көрсөтүлгөн.
Ооганстандын картасы. Бадгис провинциясы бөлүп көрсөтүлгөн.

Ооганстандын бийлиги «Талибандын» кол салуусунан кеминде 20 жоокер жана полиция кызматкери курман болгонун билдирүүдө.

Жоочулар 4-апрелде Бала Мургаб районундагы бир нече көзөмөл-өткөрмө бекетине чабуул коюшкан. Бул тууралуу район жайгашкан Бадгис провинциясынын облустук кеңешинин төрагасы Абдул Азиз Байг маалымдады.

Байг талибдер райондун ири бөлүгүн басып алышканын, полициянын райондук штабы менен ооган улуттук армиясынын базасы гана өкмөттүк күчтөрдүн колунда турганын тактады.

4-апрелде түш оой Бадгистин губернаторунун расмий өкүлү Жамшид Шахабхи Бала Мургабда айыгышкан салгылаш жүрүп жатканын, өкмөттүк аскерлердин арасында курман болгондор көбөйүшү ыктымал экенин белгиледи.

Райондо үч жума мурда «Талибан» менен согушта өкмөттүк күчтөр элүү жоокеринен айрылган.

Бала Мургаб Түркмөнстан менен чектешкен аймакта жайгашкан.

XS
SM
MD
LG