Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Түркмөнстанда парламенттик шайлоо өттү


Шайлоодо добуш берүү.
Шайлоодо добуш берүү.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 31-мартта өткөн парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону «өттү» деп тааныды. Шайлоочулардын 90% добуш бергени кабарланды.

«Настоящее время» телеканалы бул шайлоодо добуш бергендердин көрсөткүчү мурдагыларга салыштырмалуу төмөн болгонун кабарлады. 2017-жылкы президенттик шайлоого добуш берүүгө укуктуулардын 97% катышкан.

Шайлоонун жыйынтыгы тууралуу азырынча эч маалымат чыга элек.

Добуш берүүнүн жүрүшүнө жергиликтүү байкоочулардан башка эч ким көз салган жок. БШК шайлоо «эл аралык эрежелерге шайкеш» өткөнүн билдирди.

Облус борборлорунда жана баш калаа Ашхабадда добушканаларга видео камералар орнотулду. БШКнын сайтында добуш берүү кандай жүрүп жатканы түз эфирде көрсөтүлдү.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Freedom House» эл аралык укук коргоо уюмунун быйылкы баяндамасында Түркмөнстан «саясий укуктар менен жарандык эркиндиктин абалы эң начар мамлекет» деп табылган.

XS
SM
MD
LG