Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

АКШ: Орусиянын экс-министри каза болгонго чейин жараат алышы мүмкүн


Михаил Лесин
Михаил Лесин

2015-жылы Вашингтондо каза болгон Орусиянын мурдагы басма сөз министри Михаил Лесин өлөрдөн мурда моюну сынган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Вашингтондун башкы соттук экспертинин “Азаттыктын” орус кызматына берген баяндамасында айтылат.

Сот чечими менен “Азаттыктын” орус кызматы Лесиндин өлүмүнүн жагдайлары иликтенген 149-беттен турган баяндама менен таанышуу укугуна ээ болду. Анда АКШ мурдагы министрдин өлүмүн кокустук деп атаган. Бирок бир катар маалымат каражаттары "Лесин Орусиядагы коррупция боюнча көрсөтмө берүүгө макул болгону үчүн өлтүрүлүшү мүмкүн" деп жазып чыккан.

Баяндамада Михаил Лесиндин моюну сынганы, ал бул жараатты тирүү кезинде алышы мүмкүн экени айтылат. Бирок документте сөөк экспертиза маалында сынып кетиши мүмкүн экени кошумчаланган.

Михаил Лесин орус президенти Владимир Путин бийликке келген учурда анын жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири болгон. Ал Орусиядагы маалыматтык саясатты жүргүзүүдө маанилүү ролду ойногон. 2015-жылдын 5-ноябрында анын сөөгү Вашингтондогу "Dupont Circle" аттуу мейманканадан табылган.

Жакындары Лесин акыркы учурда ичимдикке берилип кеткенин айтышкан.

XS
SM
MD
LG