Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Депутаттарга чек араны тез арада тостуруу жөнүндө талап коюлду


Депутаттар менен жолугушуу учуру. 15-март, 2019-жыл.
Депутаттар менен жолугушуу учуру. 15-март, 2019-жыл.

Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары Жогорку Кеңештен чек араны тез убакытта тикен зым менен тосуп, демаркация иштерин жүргүзүүнү талап кылышты.

Мындай талабын алар бүгүн 15-мартта Ак-Сайдагы кырдаал менен таанышуу үчүн барган депутаттар Төрөбай Зулпукаровго, Таабалды Тиллаевге, Карамат Орозовага, Курманкул Зулушевге жана Айнуру Алтыбаевага айтышты.

Депутаттар айылдагы кырдаал менен жеринен таанышып, облустагы ооруканада 13-14-мартта алган жараатынан дарыланып жаткандардын абалын сурашты.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды парламент 14-мартта жабык талкуулаган.

Чек арадагы жаңжал 13-мартта чыгып, 14-мартта да уланды. Андан кыргыз тараптан үч адамга ок тийди, тажик тарапта эки адам өлүп, бир нече киши жарадар болгону кабарланды. (MdN)

XS
SM
MD
LG