Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

ӨКМ Бишкектеги өрт тууралуу маалымат берди (видео)


Окуя болгон жер. Сүрөт ӨКМдики.
Окуя болгон жер. Сүрөт ӨКМдики.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкектеги чоң өрт тууралуу маалымат берди.

Мекеме тараткан кабарда: «Ленин районундагы Архангелск көчөсүндө (Кустанай жана Садыгалиев эмес) жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 12:06 түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы беш бөлүм, штаб жана саат 12:30да ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунан ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары жерине ИИМ, РЭТ кызматкерлери жана «Тазалык» ишканасынан суу ташуучу унаалар тартылган» деп айтылат.

Соңку маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен бир турак үй жарым-жартылай, эки үйдүн чатыры, бир оор жүк ташуучу унаа толугу менен, контейнер толугу менен күйүп кетти.

«Өрт саат 13:18де чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүү иштери уланууда. Баштапкы маалымат боюнча, каза болгондор жана жабыр тарткандар жок» деп билдирди ӨКМ.

Алгачкы маалыматта ӨКМ өрт Кустанай жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде чыкканын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG