Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Депутаттардын тобу Баткенге жөнөп кетти


Кыргыз-тажик чек арасына кетчү жол. Баткен, Кыргызстан. 14-мартта тартылган сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасына кетчү жол. Баткен, Кыргызстан. 14-мартта тартылган сүрөт.

15-мартта Жогорку Кеңештин депутаттар тобу кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал жана түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен жеринен таанышуу үчүн Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Төрага Дастанбек Жумабеков сапарга чыккан депутаттар менен сүйлөшүп, эзелтен эриш-аркак, достук мамиледе жашаган эки коңшу мамлекеттин ынтымагы маанилүү экенин билдирип, түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү зарыл экенин белгиледи.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды парламент 14-мартта жабык талкуулаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 13-мартта чыгып, 14-мартта да уланды. Кыргыз тараптан үч адамга ок тийди, тажик тарапта эки адам өлүп, бир нече киши жарадар болгону кабарланды.

Учурда Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхимдин жетекчилиги алдында эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланууда. (ErN)

Ак-Сайдагы чек ара чырынын себептери

XS
SM
MD
LG