Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Укук коргоочу президентке суроо бере албай калганына нааразы болду


Сооронбай Жээнбеков Сузакта. 21-февраль, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков Сузакта. 21-февраль, 2019-жыл.

Сузакта мамлекет башчысы менен жолугушууга барган айрым жергиликтүү тургундар ага суроолорун бере албай калганына нааразы болуп жатышат.

Жалал-Абаддагы укук коргоочу Майрам Алтыбаева "Азаттыкка" кайрылып, "жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн ротациялоо жана "жергиликтүү кеңештердин курамында аялдар 30% болсун" деген мыйзам аткарылбай жатканын" айтуу максатында барганын билдирди.

- Бирок мен сыяктуу бир топ адамдар суроолорун узата албай калышты. Мага сөз келгенде жыйынды башкарып жаткан облус башчысы Кыянбек Сатыбалдиев микрофонду өчүртүп салды. 300дөн ашык киши катышкан залга 3 микрофон орнотуп, жалпы жонунан 30га жетпеген гана суроо берилди. Алар да алдын-ала даярдалган адамдар экени билинип турду, - деди Алтыбаева.

"Азаттыктын" Жалал-Абаддагы кабарчысынын айтымында, бул жолугушууга журналисттер киргизилген жок.

Сузак райондук мамлекеттик администрациясы укук коргоочунун мындай дооматтарын четке кагып жатат. Акимчилик өкүлдөрү жыйынга райондун 300дөй тургуну катышканын, алардын тизмесин ар бир айыл өкмөтү өз алдынча түзгөнүн билдирди.

"Негизинен жолугушууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айылдык кеңеш депутаттары, райондук мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты. Аларга эч кандай чектөө коюлган эмес" деп маалымдады "Азаттыкка" район бийлиги.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жалал-Абад облусун кыдырууда. Ал Сузак районунун тургундары менен жолугушуп, андан соң Ширин айылында жарактан чыккан көпүрөнү, аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн эски имаратын көрүп, Жалал-Абад шаарында мектеп окуучуларынын формасын тиккен “Баяна Стил” ишканасына барды.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы Жээнбеков Сузакта эл менен жолугушканда жакынкы беш жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болорун, 2018-жылы экономиканы каржылоо иши жакшырып, элге 25 млрд. сомдон ашык насыя жана кепилдик берилгенин айтканын кабарлады. (RsK)

XS
SM
MD
LG