Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

“Коопсуз шаар”: бир күндө жол эрежелери 14 миңден ашуун бузулган


Ички иштер министрлигинин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борбору.
Ички иштер министрлигинин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борбору.

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 12-февралда саат 17:00гө чейин жол эрежелери бузулган 14 миңден ашуун учур катталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов кабарлады. Анын айтымында, эреже бузулган учурлар кайра каралып чыгып, юридикалык баа берилген соң гана автоунаа элерине айып төлөө үчүн маалымат жөнөтүлөт.

Бүгүн, 13-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Коопсуз шаар" долбоорунун иши менен таанышуу үчүн Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна барат.

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкекте ылдамдыкты ашырып жүргөн автоунаалар менен карама-каршы тилкеге чыккан унааларды аныктоочу жети радар 12-февралдан тартып иштей баштады. Камералар жол коопсуздугундагы эреже бузуунун жети түрүн аныктайт.
Радар орнотулган жылып жүрүүчү аппараттарды адистешкен операторлор көзөмөлдөп турат. Радарга жол кыймылын бузуп каттоого алынган автоунаалардын номуру "Инфокомго" жөнөтүлөт. Андан соң Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык айыппулдун өлчөмүн аныктап, үч күндүн ичинде "Кыргыз почтасы" аркылуу айдоочуга жиберилет. Айдоочу айыпты 1 айдын ичинде төлөөгө милдеттүү.

Учурда баш калаанын Жибек Жолу - Жаш Гвардия бульвары, Чүй проспектиси - Фучик, Чүй проспектиси – Бүбүсара Бейшеналиева, Жибек Жолу - Фучик, Чүй проспектиси - Жаш Гвардия бульвары, Жоомарт Бөкөнбаев – Жусуп Абдрахманов, Жибек Жолу – Жусуп Абдрахманов, Чүй проспектиси - Курманжан Датка, Москва – Жусуп Абдрахманов, Максим Горький – 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишине жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөөчү камералар орнотулду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG