Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Өзбекстанда Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы иштен кетти


Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Ихтиёр Абдуллаев
Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Ихтиёр Абдуллаев

Бир катар өзбек маалымат каражаттары Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Ихтиёр Абдуллаев 11-февралда иштен кеткенин жазып чыгышты. Коңшу өлкөнүн башкы чекисти ээлеген кызматынан ден соолугуна байланыштуу кеткени кабарланды.

Gazeta.uz интернет басылмасынын маалыматына караганда, 52 жаштагы Абдуллаев акыркы жылдары омурткасына эки татаал, ошондой эле көзүнө да операция жасаткан.

Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы болуп өлкөнүн мурдагы коргоо министри, генерал-лейтенант Абдусалом Азизов дайындалды. 59 жаштагы генерал Коргоо министрлигин 2017-жылдан бери жетектеп келаткан.

Ал эми Ташкенттин аскер округунун башчысы, генерал-майор Баходир Курбанов коргоо министри болуп калды.

Президент Шавкат Мирзиёевдин жакын чөйрөсүнө кирген Абдуллаев коңшу өлкөнүн атайын кызматын 2018-жылдын 31-январынан бери жетектеп турган. Ага чейин үч жыл Өзбекстандын башкы прокурорунун кызматын аркалаган. 2009-2015-жылдары президенттин мамлекеттик кеңешчиси болгон.

Өткөн жумада Мирзиеёв кудасы Батыр Турсуновду Коопсуздук кызматынын биринчи орун басарлыгына дайындаганы тууралуу кабар тараган.

XS
SM
MD
LG