Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:30

Гаитиде президентке каршы демонстрацияда күч колдонулду


Порт-о-Пренстеги демонстранттар, 7-февраль, 2019-жыл.
Порт-о-Пренстеги демонстранттар, 7-февраль, 2019-жыл.

Бейшембиде миңдеген адам Гаитинин борбору Порт-о-Пренстин көчөлөрүнө чыгып, президент Жовенель Моиздин кызматтан кетишин талап кылышты.

Эл мурдагы өкмөттүн тушунда башталган коррупциялык иштерге Моиз көз жуумп, иликтебей койду деп нааразы.

Демонстранттар жемкорлуктун айынан өлкөдө бир ууч гана адам байып, калгандары эптеп күн көрүүгө аргасыз болуп жатканын айтып жатышат.

Алар Порт-о-Пренстин көчөлөрүндө автоунааларды өрттөшүп, башаламандык жаралды. Полиция демонстранттарга каршы жаш агызчу газ колдонду.

Оппозиция Моиз президенттиктен кетмейин акциялар уланарын убада кылып жатат. Буга чейин Моиз кызматтан кетпей турганын билдирип келген.

XS
SM
MD
LG