Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:21

Болгария орусиялык миллионерди жарандыктан ажыратты


Yota компаниясынын негиздөөчүсү Сергея Адоньев. 1-март, 2011-жыл.
Yota компаниясынын негиздөөчүсү Сергея Адоньев. 1-март, 2011-жыл.

Болгария орусиялык миллионер, Yota телекоммуникация компаниясынын негиздөөчүсү Сергей Адоньевди болгар жарандыгынан ажыратты. 57 жаштагы Адоньевдин жарандыгы былтыр май айында жокко чыгарылса дагы София бул тууралуу эми гана билдирди. Европа биримдиги Болгариянын чет элдиктерге жарандык берген “алтын паспорт” схемасын кескин сындап жүрөт.

Юстиция министрлиги Адоньев 20 жыл мурун АКШда көз боёмочулук кылганы үчүн жарандыктан ажыратылганын билдирди. Орусиялык ишкер АКШда 30 ай абакта отурган соң өлкөдөн чыгарылган. Ага болгар паспорту 2008-жылы “өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн” берилген. София эмне үчүн Адоньевге жарандык берүүдө анын АКШда сот жообуна тартылганына көңүл бурбаганы белгисиз.

Forbes журналы 2018-жылы ишкердин байлыгын 700 миллион долларга баалаган. Былтыр Орусияда президенттикке ат салышкан Ксения Собчак Адоньевди шайлоо өнөктүгүн каржылаган демөөрчүлөрдүн бири деп атаган.

Болгариянын бийлиги өлкөгө келип кыймылсыз мүлк сатып алган же инвестиция салган бай чет элдиктерге берилчү “алтын паспорт” схемасын реформалоону пландап жатканын билдирди. Евробиримдик шаркетке мүчө мамлекеттин биринин паспортун алган киши башка дагы өлкөнүн жарандыгына ээ болуп, же ага 28 мүчө-мамлекетте ээн-эркин жашоого жол ачат деп чочулайт.

Биримдиктин юстиция комиссары Вера Журова “коопсуздукка жана арам акчаны адалдаштырууга каршы кепилдиктердин болушун каалайбыз. Бизге көбүрөөк ачыктык керек” – деди.

Болгариянын экономикасына бир миллион лев (500 миң евро) инвестиция салган адам бул өлкөнүн жарандыгын сурай алчу.

Коррупцияга каршы фондунун маалыматына караганда, соңку 10 жылда 225 чет элдик болгар паспортун алган. Алардын 125и орусиялыктар.

Болгария 2007-жылдан бери Европа Биримдигинин мүчөсү жана бул өлкөнүн жарандары шаркеттин ичинде визасыз жүрө алышат. София ушул тапта Шенген аймагына кошулуу аракетинде.

XS
SM
MD
LG