Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча тергөө аяктады


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу “Азаттыкка” экс-мэрдин адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, учурда тергөөнүн материалдары менен таанышуу жүрүп жатат. Адвокаттын пикиринде, иликтөөдө бир катар мыйзам бузууга жол берилген.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып коюлду.

Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып коюлган. Кийин айып 303-берененин 2-бөлүгү боюнча тагылып, өзгөртүлгөн. 5-июндан бери Кулматов УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. (ErN\BkA)

XS
SM
MD
LG