Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

"Эйр Манас" авиакомпаниясы тейлөөнү убактылуу токтотту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Эйр Манас" авиакомпаниясы 17-декабрдан 23-декабрга чейин тейлөөнү токтотту. Компаниянын жетекчиси Талгат Нурбаев компаниянын учагы Түркияда ремонттолуп жатканын айтты.

"Эйр Манас" компаниясынын карамагында бир учак бар. Мурда Бишкек-Ош, Бишкек-Москва, Бишкек-Стамбул багытында эл ташыган компания 2018-жылдын октябрында эл аралык каттамдарды токтоткон. Нурбаев буга айрым эл аралык талаптар себеп болгонун белгиледи.

- Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" баштап, бажы төлөмдөрүндө жеңилдиктердин жоктугунан улам сырткы каттамды токтотконбуз, - деди ал.

Эл аралык каттамдарды токтотуунун алдында "Эйр Манастын" Москва-Бишкек багытындагы учагы бузулуп, жүргүнчүлөр убара тарткан эле. Андан кийин Стамбул-Бишкек каттамы да убагында учпай, түйшүк жаралган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 36 учак бар. Анын тең жарымы жараксыз. Учурда "Авиатраффик", "Эйр Манас", "Тез Жет" гана эл ташуу укугуна ээ. Алар “Эйрбас”, “Боинг”, “Аврожет” учактарын колдонушат. Мамлекеттик “Air KG” компаниясы ТУ-154 учагы менен президентке кызмат кылат. “Sky KG” компаниясы туристтик жана экскурсиялык каттамдар үчүн учурган эки чакан учагы бар.

"Эйр Кыргызстандын" учактары жарактан чыгып, 2018-жылдын январынан бери жүргүнчү ташыбай калган.

Учактардын эң жаңысы 2008-жылы өндүрүштөн чыккан, ал "Тез Жет" компаниясында. Эң эскиси 1991-жылы жасалган, аны “Авиатраффик” колдонот. Эреже боюнча өндүрүлгөнүнө 25 жылдан ашкан учак каттамдан алынышы керек. (SE)

XS
SM
MD
LG