Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Орусиянын учак ташуучу кемесин оңдогон док чөгүп кетти


"Адмирал Кузнецов" кемеси Мурмансктагы портто токтоп турган учуру.
"Адмирал Кузнецов" кемеси Мурмансктагы портто токтоп турган учуру.

Орусиянын учак ташуучу жалгыз кемеси - "Адмирал Кузнецовду” оңдоп жаткан, сууда калкып жүрүүчү док чөгүп кетип, андан төрт киши жабыркады. Дагы бир кишинин дайын-дареги белгисиз болуп жатат.

Маалыматка караганда, кемелерди оңдоп-түзөөгө ылайыкташкан, сууда сүзүп жүрүүчү ПД-50 аттуу док шейшембиде таңкы саат 3:30дарда Мурманск портунун жанында толугу менен сууга чөгүп кеткен.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, док чөгүп баратканда кеминде андагы бир кран 15 метр бийиктиктен кулап, "Адмирал Кузнецов" кемесинин палубасына жана корпусуна зыян келтирген.

Орусиянын Бирдиктүү кеме куруу корпорациясынын башчысы Алексей Рахманов крейсерге канчалык зыян келгенин адистер изилдеп жатканын, бирок кырсык кеменин маанилүү бөлүктөрүнө кедергисин тийгизбегенин билдирди.

Мурмансктын губернатору Марина Ковтундун айтымында, кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

ПД-50 дүйнөдө сууда калкып жүрүүчү доктордун эң ирилеринин бири. Ал 1980-жылы СССРдин буюртмасы менен Швецияда жасалган. Орусиянын Коргоо министрлиги "Адмирал Кузнецов" кемесин оңдоп-түзөө үчүн 2018-жылдын апрель айында келишим түзгөн. Андан мурда учак алып жүрүүчү кеме Сирияга барып келген болчу. (KKS/UE)

XS
SM
MD
LG