Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:23

Москвада мекендешинен бычак жеген кыргызстандык каза тапты


Москва.
Москва.

Москвада өз мекендешинен бычак жеп каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн үйүнө жөнөтүүгө документтер даярдалып бүттү. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл 13-сентябрда «Макдональдс» тамактануу жайында кыргызстандык балдар мушташа кетишкен. Жарадар болгон 19 жаштагы жигит ооруканага жеткирилип, 14-октябрда эсине келе албай көз жумган.

Окуя боюнча Москванын Кузьмин район аралык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, адам өлүмүнө шектүү кыргызстандыкты камакка алды.

Расмий маалыматка караганда, учурда Орусияда 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты болуп жүрөт. (RK)

XS
SM
MD
LG