Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Караколдогу "хизбутчулардын" башчысына иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт. Салафизм багытындагы адам колуна Куран китебин кармап турат.
Иллюстрациялык сүрөт. Салафизм багытындагы адам колуна Куран китебин кармап турат.

“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун Каракол шаарындагы тарапкерлеринин башчысына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл июль айында атайын кызмат милиция менен биргеликте Каракол шаарынын 44 жаштагы тургунунун үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Мурда соттолгон бул адамдан табылган буюмдар экспертизага жөнөтүлгөн.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертизасынын корутундусунан кийин иш козголуп, тергөө УКМКга өткөрүлүп берилди.

“Хизб ут-Тахрир” Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын бири. (RK)

XS
SM
MD
LG