Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

Үй-бүлө зомбулугуна каршы иш алып барган адистер окуудан өтүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Үй-бүлө зомбулугуна каршы иш алып барган жана чыр-чатактын алдын алуу багытында иштеген адистер атайын окуудан өтүп жатат. Бул тууралуу "Эркектер зомбулукка каршы" уюмунун жетекчиси Марат Алиаскаров “Азаттыкка” билдирди:

- Тренингди Германиядагы кризистик борборлордун кызматкерлери уюштуруп жатат. Батыш өлкөлөрүндө бул өлкө үй-булө зомбулугунун алдын алуу жаатында натыйжалуу иштерди көрсөтүп жатат. Биз мында сот, милиция кызматкерлерин жана укук коргоочуларды топтодук. Анткени алардын аракети менен гана маселени чечсе болот.

Окутуу германиялык "Фридрих Эберт" фондунун колдоосу менен өтүп жатат.

Үй-бүлө зомбулугуна байланышкан маселелерде адатта укук коргоо органдары сынга алынып келет. Коомчулуктун айрым өкүлдөрү милицияны "зомбулук курмандыктары менен иштегенди билбейт" деп айтып жүрөт.

Укук коргоочулардын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча милицияда катталган фактылар жылдан жылга көбөйүүдө. 2011-жылы 794 окуя болсо, 2015-жылы бул көрсөткүч 1736га жеткен. Кыргызстанда алты жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан 98 аял каза тапты. Алардын өлүмүнө жакын адамдары - күйөөсү, баласы же туугандары себеп болгон. (КЕ/AiA)

XS
SM
MD
LG