Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Ошто аялдардын тукум улоочулук саламаттыгы талкууланууда


Жыйындын катышуучулары. 26-июль, 2018-жыл.
Жыйындын катышуучулары. 26-июль, 2018-жыл.

Ошто аялдардын тукум улоочулук саламаттыгын, бул багыттагы мыйзамдардын аткарылышын талкуулаган жыйын өтүп жатат.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева, саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү жана тургундар катышууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстанда 100 миң аялдын 76сы төрөт учурунда каза табат. Буга өлкөдөгү төрөт үйлөрүнүн жетишсиздиги, андагы тиешелүү шарттардын жоктугу, дарыгерлердин кайдыгер мамилеси жана аялдардын өздөрүнүн ден соолугуна кош көңүлдүгү себеп болуп жатканы айтылууда.

Бүгүнкү жыйынды Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фонду уюштурууда. (MdN)

XS
SM
MD
LG