Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Жээнбековго жолуга албай калгандардын сөзүн президенттик аппарат өкүлдөрү укту


Президенттен өз үнүн угууну суранган Гүлдари Сманова.
Президенттен өз үнүн угууну суранган Гүлдари Сманова.

Таласта мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугуша албай нааразылык билдирген бир катар жарандардын талаптарын президенттик аппараттын өкүлдөрү укту. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, "Президент, үнүмдү укчу!" деген жазуу көтөрүп чыккан аялдын пикири жазылып алынды. Ал эми президенттик аппараттын өкүлдөрү сотторго нааразылыгын билдирүү үчүн президентке кайрылууну каалаган Элдар Алаковду сырттан таппай калышкан.

Стамалиева президент менен жолугушууну каалагандардын баарынын жыйынга кире албай калышын залдын 500 кишиге гана ылайыкташканы менен түшүндүрүп, келген эл суроолоруна жооп алганын кошумчалады.

Жээнбеков Талас облусунун активинен тышкары апрель окуяларында жакынын жоготкондор менен да өзүнчө кезиккен.

Ал Талас облусуна бир күндүк иш сапары менен 12-июлда барган. Сапардын жүрүшүндө ал бир катар социалдык обьектилер менен таанышып, Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы драма театрында облустун активи жана жергиликтүү тургундар менен жолугушкан. Үч саатка созулган жыйынга 500дөй адам катышкан. Ага кире албай калганына нааразылыгын он чакты адам "Азаттыкка" билдирген. (AlS)

XS
SM
MD
LG