Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:59

“ТНК Дастан” ишканасынын башчысы Юрий Васильев кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“ТНК Дастан” ишканасынын башкармалыгынын башчысы Юрий Васильев кармалды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Ал “Күнөстүү жээк” пансионатынын акцияларынын 100 пайызы төмөндөтүлгөн баада сатылып кеткенине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесине ("Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же таратып жок кылуу") ылайык мурда козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалганы айтылды.

УКМКнын маалыматына караганда, “ТНК Дастан” Ысык-Көлдүн жээгиндеги 11,7 гектар жерде жайгашкан пансионаттын акцияларынын 100 пайызына ээлик кылчу. 2013-жылдын 15-февралында Юрий Васильев пансионатты бир жаранга сатуу тууралуу келишимге кол койгон.

Быйыл 10-июлда Эсеп палатасы бул келишимдин натыйжасында “ТНК Дастандын” жоготуулары 128 миллион сомдон ашуун каражатты түзгөнүн, ал эми жоготуулар 24,5 миллион сом болгонун аныктап чыккан.

Кылмышка шектүү жетекчи УКМКнын Тергөө абагына камакка алынды. Тергөө башталды. (RK)

XS
SM
MD
LG