Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Матраимов: Иним Ош облусунун жетекчилигине сунушталганынан кабарым жок


Искендер Матраимов (солдо) жана Тилек Матраимов.
Искендер Матраимов (солдо) жана Тилек Матраимов.

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү кызматына сунушталып жатканы тууралуу маалыматты анын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов комментарий берди. Ал бул боюнча кабары жоктугун, бирок иниси иштеп калса каршы болбой тургандыгын билдирди.

- Мунун баары имиш-имиш кеп. Биринчиден, ал жерге кайсы адамды коерун өкмөт чечет, ал өкмөттүн өзүнүн иши. Экинчиден, мен ал жөнүндө укканым да жок. Анткени ооруп, Орусияга дарыланганы бардым эле, бүгүн эртең менен келгем. Мен да силерге окшоп эле иним облус жетекчилигине сунушталып жатканын массалык маалымат каражаттарынан окудум. Бул маалыматтарды ким, эмне үчүн, кандай максатта чыгарып жатканын түшүнө албадым. Биз инимди кызматка алып келгенге аракет кылганыбыз жок. Иним Тилек учурда Кара-Суу районунун акими катары өзүнүн милдеттерин так аткарып жатат. Районду өнүктүрүүдөгү көрсөткүчтөрү жакшы, элдин ичинде аброю жакшы. Эгер татыктуу деп чечишсе, анда мен эч нерсе дей албайм. Сунушталып калса ал өзү чечет. Бирок мен айыл өкмөт, анан аким, кайра облус жетекчилигине карьералык тепкич кылып өстүрүү практикасын туура деп эсептейм. Анткени кээ бир жетекчилер көчөдө эле жүрүп, анан кызматка келип калып жатышат,-деди депутат Искендер Матраимов.

Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев кызматын тапшыргандан кийин Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция калаанын жетекчилигине өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевди сунуш кылган. Ал эми Сарыбашевдин ордуна Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов келиши мүмкүн экенин бир катар маалымат каражаттары жазып чыккан.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн кызматына талапкерлердин катарында Матраимовдон тышкары Сарыбашевдин биринчи орун басары Байыш Юсуповдун жана Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиевдердин да аттары аталууда.

Тилек жана Искендер Матраимовдор - “Раим миллион” лакап аты бар, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир туугандары.

Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда өтөт. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү андан кийин дайындалат. Аны премьер-министр көрсөтөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG