Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

АКШ: мигранттардын балдары ата-энесине кайтарылат


Техас штатында кармалган мигранттардын балдары футбол ойноп жатышат. 18-июнь, 2018-жыл.
Техас штатында кармалган мигранттардын балдары футбол ойноп жатышат. 18-июнь, 2018-жыл.

АКШга мыйзамсыз кирип баратканда кармалган гондурастык Хавиер төрт жашар уулу менен 55 күндөн кийин жолукту. Кошмо Штаттардын Федералдык соту бейшембиден кеч калбай беш жашка чейинки балдардын баарын ата-энесине кайтарууну буйруган.

АКШ миграциялык саясатын катаалдатып, май айынан тартып чек арадан мыйзамсыз өткөндөрдү кылмыш жоопкерчилигине тарта баштаган. Ага ылайык, чоңдор убактылуу кармоочу жайга жиберилгенде балдары өзүнчө бөлүнгөн. Ошентип эки миңдей бала ата-энесинен мажбурлап ажыратылган. Алардын жүзгө жакыны беш жашка чейинкилер.

Буга оппозиция, укук коргоочулар, диний лидерлер каршылык билдирип, сындаган соң Вашингтон администрациясы балдарды ата-энесинен ажыратпоону чечкен.

Быйыл 5-майдан 9-июнга чейин АКШга анын түштүк чек арасынан кирген мыйзамсыз мигранттардын 2300дөн ашуун баласы ата-энесинен ажыратылып, атайын лагерлерге жайгаштырылган.

Администрация өкүлдөрү жана бул катаал чараны жактагандар муну мыйзамсыз миграцияны ооздуктоонун бир аргасы катары түшүндүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG