Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:12

Улуттук орус драма театрына жаңы жетекчи келди


Евгений Кузнецов.
Евгений Кузнецов.

Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрынын жетекчиси болуп Евгений Кузнецов дайындалды.

Бул тууралуу буйрукка бүгүн маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов кол койду.

Жамаатка жаңы директорду министрдин орун басары Айнура Султанбаева тааныштырды.

Евгений Кузнецов 42 жашта. Мурда Бишкек шаарынын мэриясында, кийинки убакта өкмөттүн аппаратында иштеген.

Улуттук орус драма театры 1935-жылы ачылган. Кийинки жылдары анын жетекчилигине байланыштуу түрдүү нааразы пикирлер айтылып келген. (RK)

XS
SM
MD
LG