Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Бишкек шаардык соту Артыкбаевди камакта калтырды


Осмонбек Артыкбаев.
Осмонбек Артыкбаев.

Бишкек шаардык соту депутат Осмонбек Артыкбаевдин бөгөт чарасын карап, тергөө бүткүчө камакка алуу жөнүндө Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Буга чейин адвокат Артыкбаевдин ден соолугуна байланыштуу анын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

5-июнда Башкы прокуратура Осмонбек Артыкбаевге карата “Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин биринчи бөлүмү ("Коррупция") менен козголгон кылмыш ишине шектүү катары УКМКнын тергөө абагына 6-июнда камалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG