Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

TIKA тарых музейинин сырткы бөлүгүн кайра оңдоп жатат


Улуттук тарых музейи.
Улуттук тарых музейи.

Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (TIKA) Бишкектеги Кыргыз улуттук тарых музейинин сырткы тарабын кайрадан оңдоп жатат. Бул тууралуу президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда музейге суу агып, түрк тарап аны оңдоого кайрадан конкурс жарыялады.

Буга байланыштуу Карыбаева музейдин расмий ачылышы качан болору белгисиз экенин кошумчалады.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы 25-майда Улуттук тарых музейин оңдоо маселесин көчмө жыйында талкуулап, ага акча сарамжалсыз жумшалганын, жабдуу, эмерек жана экспонаттар өтө кымбат баада сатылып алынганын жарыялаган.

28-майда болсо УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Эсеп палатасы менен кошо Улуттук тарых музейин реконструкциялоо боюнча бюджеттик каражаттарды туура эмес жана максатсыз пайдалануу тууралуу текшерүү иштерин жүргүзө баштаганын билдирген.

УКМКнын маалыматына караганда музейди оңдоого мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. 569 млн. 477 миң сом бөлүнгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG