Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

УКМК Кубанычбек Кулматовго айып такты


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып такты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунун алкагында Кытайдын ТВЕА компаниясы берген 2 млн. АКШ доллар грантты мыйзамсыз иштеткени аныкталган. Ал Калыс-Ордо конушунда мектеп куруу шылтоосу менен көрсөтүлгөн акча каражатын өкмөттүн кароосунан мэриянын кароосуна өткөрүп алган.

Билдирүүгө ылайык андан кийин Кубанычбек Кулматов “Альто Групп” ЖЧКсы менен сынактан сырткары келишим түзүп, анын жетекчиси менен жең ичинен сүйлөшүп, Кытай компаниясынын 1 млн. АКШ долларын аталган менчик фирманын эсебине түз котортуп койгон. Мындан сырткары Бишкек шаарынын бюджетинен Калыс-Ордо айылындагы мектептин курулушун бүткөрүү үчүн деп кошумча 100 млн. сом акча бөлдүргөн.

Учурда кеп болуп жаткан аткаруучу курулуш компаниясынын жетекчилеринин бири кармалган жана УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Айыпталуучу Кулматовдун жана Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин үйүнө соттун санкциясынын негизинде тинтүү жүргүзүлгөн. Тергөө уланууда.

Кубанычбек Кулматов кечээ, 20-майда үйүнө тинтүү жүргүзүлгөнүн “Азаттыкка” ырастаган.

Кубанычбек Кулматов 14-майда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинен өз ыктыяры менен кеткен. Ал муну саясат менен байланыштырган эле. Андан үч күн мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG