Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Сыдыков: «Сапат» мектептери жабылбайт


Билим олимпиадасында "Сапаттын" коло медаль уткан окуучулары.
Билим олимпиадасында "Сапаттын" коло медаль уткан окуучулары.

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин лицейлери Кыргызстанда өз ишин улантат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Түркиядагы жана Бельгиядагы сапары тууралуу маалымат берип жатып президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Анын айтымында, бул мектептердин негиздөөчүлөрү кыргыз жарандары болуп эсептелет жана жабууга эч кандай негиз жок.

Сыдыков лицейлерде азыр 11 миңден ашык окуучу билим алып жатканын, алар Кыргызстандын мыйзамдарына жана Билим берүү министрлигинин талаптарына ылайык иш алып барып жатканын кабарлады.

Ошондой эле Данияр Сыдыков учурдагы түрк бийлиги «Маариф» аттуу билим берүү борборун ачууну сунуш кылып, учурда ал боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Өткөн аптада түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда "аскердик төңкөрүш аракетинин артында турат" деген диниятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылы, эгер болсо, Кыргызстан үчүн да кооптуу экенин эскертип, анын тарапкерлерине каршы чара көрүүгө үндөгөн.

Ал кыргыз-түрк кызматташтыгы ошол окуядан кийин чоң сыноого дуушар болгонун, кыймылдын акыркы мүчөсү кармалганга чейин күрөш улантыларын айткан. Президент Сооронбай Жээнбеков ал чакырыкка расмий жооп берген эмес.

Буга чейин "Сапат" (мурдагы "Себат") мектептери Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерине тиешеси бар экени айтылып келген эле.

XS
SM
MD
LG