Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:31

Волоколамсктагы митингде он чакты киши кармалды


Волоколамсктагы митингге чыккандар. 1-апрель, 2018-жыл.
Волоколамсктагы митингге чыккандар. 1-апрель, 2018-жыл.

Москвадан анча алыс эмес жерде жайгашкан Волоколамск шаарчасында 15-апрелде митингге чыгып, "Ядрово" таштанды полигонуна барган жолду торогон тургундардын он чактысын полиция кармап кетти.

Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги демилгечи топтун өкүлдөрүнө таянып жазды. Полиция бул окуя боюнча үн ката элек.

Жүздөгөн тургундар шаар башчыларынын убадасына карабай, таштанды чогултулуп жаткан "Ядрово" полигонуна жолду торошкон. Ал жакка барган полициячылар менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу болгон.

Жекшембиде жалаң эле Волоколамскта эмес, Москва облусундагы сегиз шаарда бийликтен экологияга көңүл бурууну талап калган митингдер өттү.

Эки күн мурда полиция Волоколамск шаарынын мэри Петр Лазаревдин кеңсесинде тинтүү жүргүзгөн. Ушундай эле тинтүүлөр жергиликтүү гезиттин кеңсесинде, митингдердин уюштуруучусу Артем Любимовдун үйүндө болгон. Любимов өзү азыр "полицияга баш ийбей койду" деген кине менен камакта отурат.

Март айынан бери Волоколамск шаарынын тургундары нааразылык иш-чараларын уюштуруп, "Ядрово" полигонун жабууну бийликтен талап кылып келатышат. Буга 50дөй баланын башы айланып, кусуп, алсырап ооруканага түшкөнү себеп болгон. 29-мартта таштандыдан чыккан күкүрттүү суутек жана башка зыяндуу газдардын көлөмү белгиленген чектен ашканы аныкталган.

XS
SM
MD
LG