Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

КСДП: Ниязов саясий кеңештен чыгарылбайт


Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын катчылыгы депутат Рыскелди Момбековдун бүгүнкү билдирүүсүнө тактоо киргизди. Партиянын берген маалыматына ылайык, бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясынын мүчөлөрү менен жолугушууда Ниязов партиянын төрагасынын орун басарлыгынан кетээри жөнүндө гана айткан. "Ниязов саясий кеңештин курамында кала берет", деп билдирди партиянын катчылыгы.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен КСДП фракциясынын мүчөлөрүнүн жолугушуусуна катышкан депутат Рыскелди Момбеков Фарид Ниязов партиялык ишмердигин токтотоорун билдирген эле.

Бүгүн КСДПнын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев парламенттеги тиешелүү фракциянын депутаттары менен жолугушту. Анда коомдук саясий-абал, партиянын иши талкууланган. Жолугушууга КСДП фракциясынын 37 мүчөсүнүн 19у катышкан.

XS
SM
MD
LG