Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Премьер Исаков Ош базарда күркөлөрү күйгөн соодагерлер менен жолукту


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Премьер-министр Сапар Исаков Ош базарындагы өрттөн жабыркаган соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, жолугушууда Исаков азыр өрттүн кесепетин эсептөө боюнча комиссия түзүлүп, учурда жабыркаган соодагерлердин тизмеси даярдалганын билдирди.

Ошондой эле өкмөт башчы тиешелүү органдарга салык жана социалдык төлөмдөрдү төлөөгө кошумча мөөнөт берүү боюнча тапшырмалар берилгенин билдирген.

Премьер базардагы кырсыкты иликтөө өз көзөмөлүндө экенин белгилеп, аны тезинен калыбына келтирүү боюнча аракет көрүлүп жатканын кошумчалады.

Бүгүн Бишкектин "Берекет" базарындагы өрттө күркөлөрү күйгөн соодагерлер Өкмөт үйүнүн алдына акцияга чыгышкан. Ага катышкан 100гө жакын адам өкмөттөн жардам көрсөтүүнү жана премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушууну талап кылышкан эле.

Аталган базарда 13-апрелде таңга жуук чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метр соода аянты күйгөн. Учурда өрттүн себептери такталууда. Укук коргоо органдары "өрт атайын коюлушу мүмкүн" деген версияны да карап жатышат. (BkA)

Өрттөн жабыркаган соодагерлер митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:09 0:00

XS
SM
MD
LG