Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:44

Роскомнадзор провайдерлерге "Телеграмды" жабууну буйруду


"Телеграмдын" эн белгиси.
"Телеграмдын" эн белгиси.

Орусиянын байланыш, маалымат технологиялары тармагын көзөмөлдөгөн Роскомнадзор мекемеси интернет провайдерлерге кайрылып, "Телеграм" социалдык түйүнүн жабууну буюрду.

Буга өткөн аптадагы соттун чечими негиз болду. 13-апрелде Москванын Таганский райондук соту Орусиянын аймагында "Телеграм" социалдык түйүнүн жабуу тууралуу Роскомнадзордун өтүнүчүн канааттандырган.

Аталган мекеме "Телеграм" Орусиянын атайын кызматына социалдык түйүндүн колдонуучуларынын даректерине кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүдөн баш тартканы үчүн сотко кайрылган. "Телеграмдын" негиздөөчүсү, төрт жыл мурда Орусиядан чыгып кеткен Павел Дуров соттун чечимин айыптап, "купуялуулук сатыкка коюлбайт" деп билдирген.

XS
SM
MD
LG