Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:27

Өзгөндө 14 киши тамактан ууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Райондук аймактык оорукананын жетекчисинин орун басары Нуржамал Арыкованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, 13-мартка караган түнү он киши ооруканага келип түшкөн. Алар тамактан ууланганы аныкталды.

Алардын арасында беш, сегиз жана он үч жаштагы үч бала бар. Ал эми дагы үч киши тамактан ууланып, 13-март күнү эртең менен келишкен. Кийинчерээк дагы бирөө келип түшкөнүн райондук оорукананын жетекчиси Сатар Жусупов "Азаттыкка" тастыктап, уулангандар Өзгөн шаарынын тургундары экенин билдирди:

- Шаардын Амир-Темир көчөсүнүн тургундары экен, ашар кылып, ошол жерде чогуу тамактанышкан. Аш жасап, ага салат кошуп жешкен экен. Биз ошол салаттан ууланган деп шектенип атабыз. Түндө он киши келген, бүгүн дагы төрт киши келди. Учурда чоңдордон бирөөнүн, эки жаш баланын акыбалы оор. Алар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бардыгына ботулизмге каршы дары сайылды, тиешелүү жардам берилди. Оштон санавиация чакырдык.

Өткөн айда Кара-Суу районунда тамакка ууланып, он эки киши ооруканага түшкөн. Көп өтпөй, эки наристе чарчап калган. Уулангандар бешик тойдо шире ичип, мантуу жегенин жакындары айтышкан. (MdN)

XS
SM
MD
LG