Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:07

Депутаттык комиссия Кытай грантына салынган мектепти текшерет


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Анын маалыматына ылайык, 13-мартта Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияны иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Кытайдан алынган гранттык каражатка курулган Калыс-Ордо конушундагы №86 орто мектепке барат. Депутаттар мектептин курулушу кымбат түшкөнүнө кызыгышууда.

Басма сөз кызматынын дагы бир маалыматы боюнча, Бишкек ЖЭБиндеги авариялык кырдаалды иликтеген депутаттык убактылуу комиссиянын жыйыны болот. Комиссия Бишкек Жылуулук электр борборуна сатылып алынган жабдуунун, видеокамералардын баасы жана башка маселелер тууралуу да 13-мартта жыйын куруп, талкууга алмакчы.

Бишкек Жылуулук электр борборуна сатылып алынган видеокөзөмөл камералары 14 миң доллардан жогору турганы тууралуу маалымат тарап, социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG