Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, окуя 13-мартта №2030 аскер бөлүгүндө болгон. Мекеме келишимдик негизде иштеп жаткан аскер кызматкери куралды туура эмес колдонуунун курмандыгы болгонун кабарлады.
Маалыматка караганда, 2017-жылдын жазында аскерге чакырылган катардагы жоокер капыстан ефрейторду атып алган. Алган жараатынан ефрейтор ооруканага жетпей үзүлгөн. Ушу тапта окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жеринде иштеп жатканы айтылды.
№2030 чек ара аскер бөлүгү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан.