Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:07

Ак-Түздөгү кырсык боюнча комиссия түзүлдү


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кемин районунун Ак-Түз айылында кен иштетүү фабрикасынын химиялык калдык өтүүчү түтүгүнүн жарылуу себептерин иликтөө боюнча комиссия түзүлдү.

Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасынын орун басары Расул Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, адистерден турган комиссия кырсык болгон жерге барып, кырдаал менен таанышып келди.

26-февралда фабрикага төшөлгөн түтүк жарылып, андагы химиялык суюктук айылдагы жолду каптаган жана айрым бөлүгү Кичи-Кемин суусуна куюлган.

Адистер түтүк 20 мүнөт ичинде калыбына келтирип, химиялык калдыктар тазаланганын айтууда. Мындан тышкары, мамлекеттик органдар аймактагы радиациялык фон өз деңгээлинде экенин, элдин саламаттыгына коркунуч жаратпай турганын билдирүүдө.

Ак-Түз айылында жайгашкан орусиялык “Георезерв” жана “Реоресурс” компаниялары алтын кошулмасы бар кенди кайра иштетүү жана байытуу боюнча иш алып барат. (BkA)

XS
SM
MD
LG