Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:54

TI: Кыргызстан коррупциянын деңгээли жогору мамлекет бойдон калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жогорку даражалуу кызмат адамдарынын коррупциялык мыйзам бузуулары боюнча кылмыш иштер тегиз козголбойт. Бул тууралуу “Трансперенси Интернешнл” уюмунун коррупция тууралуу 21-февралда жарыяланган жаңы баяндамасында айтылат.

Анда укук нормаларынын алсыздыгы жана киреше менен мүлктөрдү декларациялоодо жоопкерчиликти жөнгө салган механизмдердин жоктугу кылмышкерлердин жеңил жаза алышына же андан кутулушуна жол ачары айтылган.

Ал эми улуттук ири долбоорлор ачык ишке ашырылбай турганы, аткаруучулар көбүнчө коомчулукка белгисиз принцип жана критерийлер менен тандалып, ачык сынак аркылуу тандалбай турганы да жазылган.

Уюмдун маалыматына караганда, Кыргызстандагы коррупция деңгээлин азайтуу үчүн конкреттүү кадамдар ташталып, жарандык жана эксперттик коомчулукту тартуу менен ишке аша турган улуттук план иштелип чыгышы керек. Ошондой эле бекем саясий эрк, натыйжалуу мыйзам, кесипкөй аткаруучулар жана коомдук колдоо зарыл деп белгиленген.

Аталган уюмдун 2017-жылдагы “Коррупцияны кабылдоо индексинде" 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 135-орунду ээледи. Өлкө мурдагы жылдарга караганда бир баскычка жогорулаган. (NT)

XS
SM
MD
LG