Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

АКШ Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына кабатыр


"Заноза иши" боюнча журналисттерге 30 млн. сомдой доо коюлган.
"Заноза иши" боюнча журналисттерге 30 млн. сомдой доо коюлган.

АКШ мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары, Түштүк жана Борбор Азия боюнча элчи Элис Уэллс Вашингтондо туруп Бишкектеги АКШ элчилигине чогулган журналисттерге телефон аркылуу маалымат жыйынын өткөрдү. Ал Кыргызстанда акыркы мезгилде массалык маалымат каражаттарынын миллиондогон суммалык доого жыгылуусун сөз эркиндигине түшкөн көлөкө катары сыпаттады. Уэллс Кыргызстан Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен сөз эркиндигинин лидери болуп келгенин, бул макамды жоготуп албоо жана коомдогу ар тараптуу көз караштардын калыптануусуна шарт түзүү үчүн кыргыз бийлиги сөз эркиндигин сыйлашы зарыл деп айтты.

Аз күн мурун эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюму былтыркы жыл үчүн баяндамасында сөз эркиндиги боюнча Кыргызстандын рейтингин 85-орундан 89-орунга түшүргөн.

Кыргызстанда былтыр Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда "анын кадыр-баркына доо кетирилген" деген айып менен "Zanoza.kg" сайтынын журналисттери Нарын Айыпка, Дина Масловага жана белгилүү укук коргоочу Чолпон Жакуповага жалпысынан 30 миллион сомдук доо коюлган. "Жалган маалымат таратты" деген негиз менен журналисттерге жана укук коргоочуларга ири көлөмдөгү акчалай айып салган дагы эки сот иши бар.

Мындан тышкары жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы берген арыздын негизинде жыл аягында "24.kg" агенттиги менен журналист Кабай Карабеков 10 миллион сом доого жыгылышты.

Айрым көз каранды эмес сыналгы каналдар да ар кыл кысымдарга кабылганы маалымдалууда. (BCh/ZKo)

XS
SM
MD
LG