Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Сеул: Пхеньян Олимпиада оюндарына артисттерин жиберет


Эки корей өлкөсүнүн өкүлдөрү жолуккан учур. 9-январь, 2018-жыл.
Эки корей өлкөсүнүн өкүлдөрү жолуккан учур. 9-январь, 2018-жыл.

Түштүк Кореянын биримдик иштери боюнча министрлигинин ишембиде билдиргенине караганда, Түндүк Корея жумушчу деңгээлдеги сүйлөшүүлөр учурунда Пхёнчханда боло турган Кышкы Олимпиада оюндарына артисттерин жиберүүнү сунуштаган. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги жазды.

Министрликтин билдирүүсүндө Түндүк Корея бул демилгени талкуулоо үчүн 15-январда өз тарабындагы Панмунж кыштагында жолугушууну да сунуштаган.

Маалыматка ылайык, Пхеньян Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн дагы бир сүйлөшүү күнүн сунуштоо жөнүндө каалоосун да билдирген.

Кышкы Олимпиада оюндары 5-25-февраль күндөрү Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтөт.

XS
SM
MD
LG