Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Орусиянын курал экспортунун жылдык көлөмү 14 млрд доллардан ашты


АК-47 автоматынын түзүүчү М. Калашниковго коюлган эстелик
АК-47 автоматынын түзүүчү М. Калашниковго коюлган эстелик

Бул маалыматты "Интерфакс" агенттиги Орусиянын аскер-техникалык кызматташтык тармагында иштеген булагына таянып таратты.

Өткөн жылы декабрдын аягында Орусия президентинин аскерий-техникалык багыт боюнча жардамчысы Владимир Кожин батыш киргизген санкцияларга карабай, 2017-жылы Орусияда жаңы өнөктөштөр - "буга чейин эч качан курал сурап Орусияга кайрылбаган" мамлекеттер пайда болгонун маалымдаган.

Былтыр августтун аягында аскер-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматтын башчысы Дмитрий Шугаев орусиялык курал-жарактарга жана аскер техникаларын экспорттоого буйрутмалардын көлөмү 47-50 миллиард долларды түзөрүн кабарлаган.

Ал эми Тынчтыкты изилдөөчү Стокгольм институтунун маалыматы боюнча, Орусия, АКШ жана Кытай дүйнөдө курал-жарак экспорттоочу ири өлкөлөрдөн болуп кала берүүдө. Курал-жарак экспортунун жалпы көлөмүнүн 23% Орусиянын үлүшүнө туура келет.

XS
SM
MD
LG